RSS Amplifier

Blog

Ош шаарынын мэриясынын расмий сайты

oshcity.gov.kgSource feed ↗29 posts

Live Last read · last published · next check

Latest posts

Таза шаарга карай чоң кадам: Ошто жаңы завод курулууда

Бүгүн Ош шаарында Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку жана шаардык Кеңештеринин бир катар депутаттарынын катышуусунда маанилүү иш-чаралар өттү. Эл өкүлдөрү жаңыланган жолдордун салтанаттуу ачылышына катышып, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышышты. Учурда негизги курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан объект 18 гектар аянтты ээлеп,…

Ош: Негизги көчө реконструкцияланып бүттү

Ош шаарындагы жол инфраструктурасын модернизациялоо алкагында Курманжан датка көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки тилкеси толугу менен жаңыланды. Белгилей кетсек, бул жол совет доорунан бери оңдолгон эмес болчу. Жаңыланган жолдун абалы менен Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жеринен таанышып чыгышты. Капиталдык оңдоодон өткөн 2…

Оштогу дагы бир ири көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарында Төлөнөв, Калмурзаев жана Атабаев көчөлөрүн Ишматов көчөсүнөн А. Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки аралыкта жасалды. Ири көчөнүн ачылыш аземине ЖК Төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, ЖК депутаттары, шаар тургундары катышты. Жолдун жалпы узундугу 2650 метр, туурасы 22 метрди түзөт. Анын ичинен 15 метри автоунаалар үчүн арналган жана ага 15 сантиметр калыңдыктагы эки […]

Кыргыз желегин илип, патриот болуңуз!

Ош шаарында 31-август — Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата мекеме-ишканаларга, дүкөн, соода жайларына жана башка коомдук жайларга мамлекеттик туубуз илинүүдө. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев демилгени баштап, туу илүү иш чарасына катышты. Ош шаарынын мэриясы баштаган демилгени сизди да колдоого чакырабыз! https://www.facebook.com/share/r/1B8srW9JmL/

“Ош — жаштардын көзү менен”

Бүгүн, 26-августта Ош шаарындагы жаштар хабында “Ош — жаштардын көзү менен” аттуу ачык диалог өттү. Диалогго Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа катышышты. Жолугушууда жаштар шаардагы коомдук транспорт, жолдор жана коопсуздук, тазалык, эс алуу жайлары, спорт жана жаштар үчүн түзүлгөн…

Жаратман мугалим – өнүккөн билим: Ош шаарында мугалимдердин август конференциясы өттү

Бүгүн 26-августта Бабур театрында Ош шаарындагы билим берүү кызматкерлеринин 2026-2027-окуу жылына карата августтагы педагогикалык конференциясы болуп өттү. Конференцияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Кудайбердиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, билим берүү тармагынын кызматкерлери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө “Доор өзгөрткөн билим:…

Жаңы борбор — жаңы мүмкүнчүлүктөр: Ошто тест борбору ачылды

Бүгүн Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аталган борбордун шарттары, заманбап компьютердик класстары жана…

Ошто дагы бир бала бакча пайдаланууга берилди

Ош шаарында № 75 “Тунук наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен кийин кайрадан балдардын пайдалануусуна берилди. Бала бакчанын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Дастан Наватов, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, тарбиячылар жана ата-энелер катышышты. Бала бакчадагы капиталдык оңдоп-түзөө…

Таза кызмат — ишенимдүү коом

Ош шаарынын мэриясында коррупциянын алдын алуу маселелерине арналган семинар уюштурулду. Семинарды Ош шаарынын мэриясынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таир Джоробеков өткөрүп, кызматкерлерге коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана кызматтык этиканы сактоо боюнча маалыматтарды берди. Ошондой эле коррупцияга каршы…

Бөбөктөр үчүн жайлуу чөйрө: “Мурас” бакчасы жаңыланды

Бүгүн, 25-августта, Ош шаарынын У. Салиева көчөсү, № 15а дарегинде жайгашкан “Мурас” мектепке чейинки балдар билим берүү уюмунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, балдар үчүн эшигин кайрадан ачты. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен…

Жарандарды кабыл алуу күнү

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кезектүү кабыл алуу өткөрүп, жарандардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн укту. Жолугушууда жер жана турак жай, мыйзамсыз курулуштарды ооздуктоо, социалдык колдоо сыяктуу шаар тургундарын түйшөлткөн актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Калаа башчысы ар бир кайрылууга өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине аларды мыйзам чегинде чечүү боюнча конкреттүү…

Атабаев көчөсү асфальттоонун акыркы баскычында

Ош шаарындагы маанилүү көчөлөрдүн бири Атабаев көчөсү реконструкциялоонун акыркы баскычында. Аталган көчө Төлөнов көчөсүнө чейин 2,6 чакырымды түзөт. Жол кеңейтилип, 4 тилкелүү болуп, эки четине тротуар, жашыл аймак, арык тармактары болот. https://www.facebook.com/share/v/1986EDNUgL/

Тимирязев жана Абай Кунанбаев көчөлөрүнө жаңы жарыктандыруучу мамычалар орнотулду

Ош шаарында көчөлөрдү түнкү жарыктандыруу иштери уланууда. Мэр Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде “Ошсвет” муниципалдык ишканасы тарабынан Тимирязев жана Абай Кунанбаев көчөлөрүнүн жалпы узундугу 3 чакырымдан ашык болгон жол тилкелерине 70 даана түнкү жарыктандыруучу мамычалар жана чырактар орнотулду. Жарыктандыруу иштеринин негизги максаты — көчөлөрдүн түнкү жарыктандырылышын жакшыртуу,…

Бийлөөчү заманбап оргуманын курулушу акыркы баскычта

Ош шаарындагы Алымбек Датка эс алуу борборунда курулуп жаткан заманбап оргуманын курулушу аяктап калды. Белгилей кетсек, аталган жайда 50 метр узундукта эки фонтан курулууда. Алар заманбап, бийлөөчү болуп жасалат. Объект 28-августта пайдаланууга берилет https://www.facebook.com/share/r/181W31ZCck/

Компенсация: Кышка чейин үйү бузулган 500 жаранга турак жай берилет

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы жаңы “Эне-Сай” конушуна барып, курулуш иштери менен таанышты. Белгилей кетсек, аталган жаңы конушта ушу тапта 50 турак жай курулууда. Жеринде 100гө жакын кызматкер иштеп жатат. Шаар башчысы аталган жайда жумушчу күчүн дагы кошуп, турак- жайлардын санын көбөйтүп, курулушту тездетүүнү тапшырды. Мэр билдиргендей, сентябрдын аягына чейин 50 үй курулуп,…

Жанарбек Акаев мекеме жетекчилерине катуу эскертүү берди

Бүгүн Ош шаардык мэриясында мекеме-ишканалардын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын башчылары катышкан кеңейтилген жыйын өттү. Жыйында жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо, чечилбей келген көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүү жана бюрократияга жол бербөө маселелери талкууланды. Мэриянын аппарат башчысы Мыктыбек Осмоналиев билдиргендей, жыл башынан бери 637 тапшырма көзөмөлгө алынып, анын 27…

6 айда 2119 иш: Ош облустук сотунун көрсөткүчтөрү

Бүгүн 21-август Ош облустук сотунда жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары талкууланды. Жыйынга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана сот тармагынын жетекчилери катышты. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жергиликтүү соттордо 2119 соттук иш каралып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9%га көп. Жыйындын…

Касымбеков көчөсүндө жаңы эс алуу жайы курулууда

Ош шаарындагы Т. Касымбеков көчөсүндө жаңы эс алуу жайы курулуп жатат. Аймакта жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулуп бүтүп, каналдын жээги бекемделди. Ошондой эле балдар аянтчасы, воркаут зонасы жана отургучтар орнотулат. Учурда эс алуу жайынын аймагына таман таштарды төшөө иштери жүрүп жатат. https://www.facebook.com/share/r/18hxH54ANE/

Ош: Кышка даярдык маселеси талкууланды

Бүгүн, 20-августта Ош шаарынын мэриясында 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү. Жыйын Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоевдин жетектөөсүндө өтүп, анын жүрүшүндө тиешелүү мекеме-ишканалардын кышка даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтар угулду. Белгилей кетсек, “Ош шаарынын жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасында 3 буу казаны…

Эски базардын ордуна жаңы курулуш башталат

Ош шаарындагы борбордук базардын мурдагы ордуна жаңы маданий, туристтик эс алуу комплекси курулат. Бүгүн, 20-август Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана аталган жайдын менчик ээлери ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюлду. Долбоордун алкагында байыркы Оштун тарыхын жана маданиятын чагылдырган этно-борбор, эс алуу жайлары жана соода түйүндөрү каралган. Жаңы комплекс менчик ээлери тарабынан…

“Унаасыз бир күн — велосипед менен жумушка!” аталышындагы масштабдуу экологиялык акциясына чакырабыз

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору! Шаарыбыздын таза абасына жана өз ден соолугуңузга салым кошууга даярсызбы? Ош шаарынын мэриясы сиздерди “Унаасыз бир күн — велосипед менен жумушка!” аталышындагы масштабдуу экологиялык челленджине катышууга чакырат! Акциянын негизги максаты — шаарыбызда экологиялык транспортту жайылтуу, автоунааны азайтуу жана калаада сергек, таза чөйрөнү…

Жарандардын кайрылуусу: маселелер жеринде каралды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев А. Шакиров көчөсү, №22 дарегинде жайгашкан “Эмаком” курулуш компаниясы тарабынан курулган көп кабаттуу үйдүн жашоочулары менен жолукту. Жолугушууда тургундар электр энергиясы, лифттин иштеши, балдар ойноочу аянтча жана эс алуу үчүн аллея куруу маселелерин көтөрүштү. Мэр жашоочулардын кайрылууларын угуп, ар бир маселе боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү…

Көп жылдан берки көйгөй чечилүүдө: Ишматов көчөсүндө 4 тилкелүү жол курулат

Бүгүн Ош шаарындагы Ишматов көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөө жана жол куруу иштерине старт берилди. Долбоордун алкагында узундугу 3,5 чакырым болгон жол 4 тилкелүү болуп, 24 метрге чейин кеңейтилет. Жолдун эки тарабына туурасы 2,5 метрден болгон тротуарлар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, Ишматов көчөсү К. Исаков жана Базаров көчөлөрүн…

Билим берүү: мектеп жамааттары менен ачык диалог өткөрүлдү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев №3 М.В. Ломоносов атындагы жана №69 «Олимп» мектептеринин педагогикалык жамааттары менен жолугушту. Жолугушууда мектептердеги учурдагы абал, педагогдордун пикирлери жана билим берүү процессине байланышкан маселелер талкууланды. Догдуркүл Кендирбаева бардык чечимдер мыйзам талаптарына жана…

Ош шаарындагы борбордук көчө иреттелип, жаңы көрүнүшкө ээ болот

Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан Курманжан датка көчөсү жаңыланып, айланасы иретке келтирилет. Аны менен бирге көрктөндүрүү жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иш-аракеттер башталат. Бүгүн бул багыттагы иштерди уюштуруу максатында Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жаңы курулуп жаткан Ош мамлекеттик университетинин клиникасынын аймагында университеттин ректору Кудайберди Кожобеков жана…

Курманжан Датка көчөсүндө жол жаңыланып, кыймыл кайра жанданат

Курманжан Датка көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки 2 чакырым жол тилкесине асфальттын экинчи катмары төшөлүп жатат. Учурда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин аталган тилкеде жылуулук түтүктөрү алмаштырылып, жол жээктери иретке келтирилип, бордюрларды орнотуу иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле жолдун биринчи катмарына асфальт төшөлгөн. Жол тилкесиндеги…

Ош: Жарым жылда 15 жаңы сейил бак курулду

Бүгүн, 17-август Ош шаарындагы Абакир уулу Төрөбек көчөсүндөгү жаңы эс алуу жайы пайдаланууга берилди. Ал Увам каналынын боюна курулуп, аянты дээрлик 1 гектарды ээлейт. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, шаардык кеңештин депутаттары, тургундар катышты. Белгилей кетсек, буга чейин Жанарбек Акаевдин тапшырмасы менен Увам каналынын жээгиндеги…

Ош: “Сузак” чайканасы “Аксакалдар ордосу” болот

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тарыхый “Сузак” чайканасына барды. Кыдыруу учурунда мэр бул жайдын тарыхый жана маданий маанисин белгилеп, мындай тарыхый жайлар Ош шаарынын тарыхынын ажырагыс бөлүгү экенин билдирди. Мэр тиешелүү кызматтарга чайкананы калыбына келтирүү маселесин тапшырып, бул жайды “Аксакалдар чайканасы” деп атоону тапшырды. Ошол эле учурда анын тарыхый өзгөчөлүгүн жана өзүнө…

Ошто жаңы өндүрүш ишке кирип, 120 жумуш орду түзүлөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев М. Ишматов көчөсү, 152 “к” дарегиндеги “Кең Строй Сервис” ЖЧКсынын бетон заводунун курулушу менен жеринен таанышты. Шаар башчысы өнөр жай объектисин кыдырып, заманбап жабдуулардын орнотулушун жана алардын даярдык деңгээлин текшерди. Учурда курулуш-монтаждоо иштери 95 пайызга аткарылып, соңку даярдыктар жүрүүдө. Завод толук кубаттуулугунда иштеп баштаса, 100дөн 120га…