RSS Amplifier

News source

Sputnik Кыргызстан | Новости и события с фото и видео, инфографика, мнения

Новости, события, мнения, фото, видео, инфографика.

sputnik.kgSource feed ↗43 articles

Overdue Last read · last published · next check
Last read 3 days ago, longer than this feed's 1 hour schedule.

Latest articles

Жамгыр катуу жаайбы? Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы

23-августтан 25-августка чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Лавров: НАТО өлкөлөрү Киевге жардам көрсөтүүдөн "баш тартууга" аракет кылууда

НАТО өлкөлөрү Киевге аскердик жардам берүүдөн алдын ала эл алдында "баш тартууга" аракет кылып жатышат, бирок анысы ишке ашпайт деп билдирди РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Кыргызстанда күйүүчү май резервин түзүү үчүн мунай сактоочу жайлар курулат

Кыргызстанда бензин жана дизелдик майдын резервин түзүү үчүн мунай сактоочу жайларды куруу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринде Монополияга каршы агенттиктин жөнгө салынуучу тармактарды башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Лариса Шустикова билдирди.

Түнт жигит кантип эл сүйгөн шоуменге айланды? Санжар Мыкыев жашоосу тууралуу

Санжар Мыкыевди коомчулук алгач "тамашоучу" катары тааныган. Куйкум сөздөрү, тапкычтыгы жана харизмасы менен бат эле эл оозуна алынып, андан кийин телеканалдарда көптөгөн программаларды алып чыкты. Учурда президент катышкан иш-чараларга чейин алып барууда.

БШК президенттик шайлоодо каалаган жерден добуш берүү тартибин бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн жаңы тартибин бекитти.

Казакстанда жаңы бир палаталуу парламент — Курултайга шайлоо өтүп жатат

Казакстанда жаңы бир палаталуу парламентке — Курултайга алгачкы шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

АКШ соту Кыргызстан баш болгон 75 өлкөгө виза берүү чектөөсүн жокко чыгарды

Нью-Йорктун округдук соту АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кыргызстан баш болгон 75 мамлекеттин жарандарына иммиграциялык виза берүүнү токтоткон чечимин мыйзамсыз деп тапты.

Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө аракет кылган үч киши куткарылды. Видео

Ысык-Көлдө бир жээктен экинчи жээкке сүзүп өтүүгө аракет кылган үч жаран аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жапаров Көчмөндөр оюндары өтө турган "Бишкек Аренага" барып, даярдыкты текшерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн "Бишкек Арена" стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн көрүп, текшерди. Аны менен кошо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да жүрдү.

Россиялык журналисттер Ала-Арчага жана жергиликтүү телеканалдарга барышты

Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген Россиялык журналисттер Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына барып, жергиликтүү бир катар кесиптештери менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

23-августка карата аба ырайы

Жекшемби күнү республикабыздын көпчүлүк аймактарында Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу "Кыргыз гидрометеорология" кызматы билдирди.

Карын энеликке жамынып алып, бала саткандар боюнча мыйзам долбоору сунушталууда

Карын энеликке жамынып алып, бала саткандарга жазаны катаалдаштырууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев сунуштап жатта.

Путин: душмандын согуштагы абалы канча оор болсо, жапайылыгы ошончо күчөйт. Видео

Душмандын майдандагы абалы канчалык оор болсо, ошончолук жапайылыкка барат. Бул туурасында РФтин президенти Владимир Путин "Единая Россия" партиясынын XXIII съездинде айтты.

Жол эрежесин бузгандар төлөгөн айыптар кайда кетет. Түшүндүрмө

Жол эрежесин бузган айдоочулардан түшкөн айыппулдардын жарымы Тез жардам машиналарын алууга жумшалат.

14,7 гектарга жайгашкан "Ырыс Ордонун" курулушун Жапаров көрүп чыкты. Сүрөттөр

Кыргызстан азыр кызуу даярдык көрүп жаткан ШКУнун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 25-маарекелик саммити да конгресс-холлдо болот.

Өлкөдө маркумду жерге берүү тартибине өзгөртүү киргизилди

Кыргызстанда маркумдарды жерге берүү тартибине өзгөртүү киргизилди. Министрлер кабинети каза болгондордун каттоосун тартипке салуу үчүн жаңы токтом кабыл алган.

ЖМК: Германиянын ТИМ башчысы Украинага айтпай-дебей келди. Сапардын максаты

Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Украинага алдын ала кабарлабай эле барган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Deutschlandfunk радиостанциясынын билдирүүсүнө таянып жазды.

ЖИден радиожурналистикага чейин. Москвада SputnikPro кезектеги окуусун өткөрдү. Видео

Москвада SputnikPro долбоорунун алкагында алты өлкөнүн журналисттери менен блогерлери бул жаатта керектүү билим алышты

Кыргызстанда мал-жандыкты кордобоо боюнча мыйзам долбоору сунушталууда

Кыргызстанда мал-жандыкка карата ээсинин же башкалардын мамилесин жакшыртуу максатында мыйзам долбоору сунушталууда. Документти Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жазып, демилге кылып чыкты.

Франциядагы президенттик шайлоо НАТО үчүн кооптуу жагдайды жаратышы мүмкүн

. Францияда 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоо НАТО үчүн кооптуу жагдайга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Politico басылмасы жазган.

22-августка карата аба ырайы

22-августка караган түнү өлкөбүздүн айрым жерлеринде жаан жаап күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Бекерден 4 000 сомго чейин. Көчмөндөр оюнунун иш-чараларына билет баасы такталды

Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баасы аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

СССРдин биринчи ирет учурган баллистикалык ракетасы. Видео

1957-жылы 21-августта Советтер Союзу биринчи ирет Р-7 баллистикалык ракетаны учурат. Биринчи сыноо ийгиликтүү ишке ашкан, кое берилген ракета мурда белгиленген жерге — Камчатка жарым аралына чейин жеткен.

Sputnik Pro долбоорунун катышуучусу Москвадагы окуунун артыкчылыгын айтып берди

Москвада жети өлкөдөн келген медиа кызматкерлер Sputnik Pro программасынын беш күндүк окуусунан өтүштү.

Милиция мопед, "желмаян" жана скутерге айдоочулук күбөлүк керектигин эскертти

Кайгуул милициясы мопед, скутер жана "желмаян" айдоо үчүн А1 категориясындагы күбөлүк талап кылынарын эскертти.

Жогорку сот экс-вице-мэр Сазыкулов боюнча мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарды

Жогорку сот Бишкектин мурдагы вице-мэри Максатбек Сазыкуловго мурда чыгарылган сот өкүмдөрүн жокко чыгарып, кылмыш ишин токтотту.

Бишкекте Россиянын мамлекеттик туусуна арналган иш-чара өттү

Бишкекте Россотрудничествонун өкүлчүлүгүндө Россиянын мамлекеттик туусунун күнүнө арналган иш-чара өттү.

"Алган билимимди ишимде колдоном". Москвада Sputnik Pro долбоорунун 14-модулу өттү

Москва шаарында "Зубовскийдеги Sputnik Pro" долбоорунун 14-модулу аяктады. Бул быйылкы жылдагы экинчи программа болуп, ага алты өлкөдөн: Абхазия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген журналисттер, блогерлер, SMM жана PR-адистер катышты.

Бишкекте орточо айлык 64 миң сомдон ашты

Бишкекте номиналдык орточо айлык акы 64 миң 293 сомду түздү. Бул тууралуу мэриянын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында айтылды.

"Формула-1" мелдешинин уюштуруучулары тамак-аш маселеси үчүн кечирим сурады

Кыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы Ысык-Көлдө өткөн "Формула-1" мелдешинде ыктыярчылар жана журналисттер үчүн тамак-аш уюштурууда көйгөйлөр жаралгандыгы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу федерациянын техникалык көзөмөл боюнча адиси Эльдияр Манап маалымат жыйында билдирди.

Өкмөт башчы: 2030-жылга чейин балдардын 80 пайызы бакчага барып калышы керек

Касымалиев мектепке чейинки билим берүүгө да олуттуу көңүл бурулуп жаткандыгына токтолду.

Алайдагы Корумду чокусунда үч адамдын сөөгү жатканы ырасталды

Алайдагы Корумду чокусунда үч адамдын сөөгү жатканы ырасталды. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов маалымат жыйында билдирди.

Кыргызстан суудагы "Формула-1" жарышына 2 млн. долларга чукул акча жумшады

Кыргызстан суудагы "Формула-1" жарышын даярдоого жана өткөрүүгө эки миллион доллардан ашык акча жумшады. Бул туурасында Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында айтты.

Захарова: Украина Батышка Россияга каршы турчу плацдарм катары гана керек

Батыш Украинаны өз алдынча мамлекет катары карабайт жана аны Россияга коркунуч туудуруучу аянтча катары пайдаланууда. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

21-августка карата аба ырайы

21-август түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

208 миңге чукул немец туткунга алынып, Кишинев саналуу күндөрдө бошотулган. Видео

Улуу Жеңишке бир жылга жетип-жетпеген убакыт калганда советтик аскерлер каармандык менен Яссы-Кишинев операциясын ийгиликтүү ишке ашырган.

ЕАЭБде биржалар үчүн жалпы мейкиндик түзүлөт

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн биржалары үчүн жалпы мейкиндик түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу ЕЭКтин экономика жана финансылык саясат боюнча министри Бахыт Султанов билдирди.

Шайлоодо добуш берген күн пенсиялык стажга кошулушу ыктымал

Кыргызстанда президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө катышкан күн камсыздандыруу стажына эсептелет. Министрлер кабинети ушул шарт каралган, пенсия дайындоо жана кайра эсептөө тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Түштүк Кореядан алып келген унааларга салык төлөбөй койгондор эселеп айып тартты

Мамлекеттик бажы кызматы Түштүк Кореядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген төрт автоунаа аныкталганын кабарлады.

ӨКМ тик учак менен Ысык-Көл, Чүйдөгү көлдөрдү текшерди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй жана Ысык-Көл облустарында тоо башындагы жырылып кетүү коркунучу бар 16 көлдү тик учак менен текшерди.

Бишкектеги "Вефа" соода борборунда 3-кабаттан кулап кеткен баланын абалы айтылды

Бишкектеги "Вефа" соода борборунун 3-кабатынан кулаган баланын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Sputnik агенттигине билдирди.

Жаңы мектептерде лифт коюлуп, фасады заманбап болот

Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан мектептердин фасады мындан ары заманбап материалдар менен жасалып, ичине лифт коюлат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Камерунда алтын казган кенде жер көчүп, 107 киши каза тапты. Видео

Камерундун чыгышындагы алтын кенде жер көчүп, кеминде 107 адам набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып чет элдик ЖМКлар жазышты.